"Мени да өлтүрсүн!" Үч кишинин өлүмүнө шектүү Аширалиевге маркумдун апасы ачууланды (видео)

Бүгүн, 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин сот отуруму өттү. Анда маркум Алтынай Канзаманованын ноутбугунда сакталган аудио билдирүүлөр угузулду.

Соттук отурумга судья Надырбек Токтосунов төрагалык кылды.

Жактоочунун айтымында, ноутбуктун паролун жакында эле ача алышкан. Сот Алтынай менен Чынтемирдин 2015-жылдагы сүйлөшүүлөрүн угуп чыкты. Аудио жазууларда Канзаманова Аширалиевден карызга алган акчасын кайтарып берүүнү суранган.

Аудио билдирүүлөрдүн биринде алар Казакстандагы (Медео) мейманкалардын биринен номер тандап жатканы угулду. Адвокат бул маалыматтар маркум менен шектүүнүн ортосунда мамиле болгонуна далил экенин айтты. Аширалиев буга чейин экөөнүн эч кандай байланышы жок экендигин жана маркум ага карыз экенин айткан.

Мындан сырткары сотто Аширалиевдин унаасын тинтүү учурунда тартылган видео көрсөтүлдү. Унаанын ичинен бычак, анын айдоочулук күбөлүгү жана каттоо документи табылган.

Сот адам өлтүрүү болгон жерден видеону көрсөтүүдөн баш тартып, ал буга чейин массалык маалымат каражаттарына тараганын белгиледи.

Судья айыпталуучудан "Видеодо ал өзү экенин четке кагабы?" деп сурады. Жактоочу тарап "Аширалиев бул фактыны танбайт" деп жооп берди.

Кийинки соттук отурум 2-ноябрга дайындалды. Ага Октябрь районунун прокурору катышмакчы.

Отурум бүткөн соң шектүүнү сот залынан алып чыгып баратканда маркум Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы апасы Уру Дюшебаева ачууланып "Желмогузду жалган айтканы үчүн бетке бир чаап алайын" деди.

Конвойлор андан ары жылып алуусун өтүндү.

"Жылбайм. Же мени да өлтүрсүн! Желмогузду бир көрүшүм керек да", - деп ачууланды Дюшебаева.

Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

Октябрь райондук соту 31.10.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан