Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мындай кадам жасалма тыгындарды болтурбоо максатында жасалып жатат.
Учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталды.