Биз социалдык тармакта

"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

"Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 31-октябрда аба ырайынын кескин начарлашынан улам, "Сосновка" постунда саат 13:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан