Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-декабрдагы маалымат жыйынында улуттук стратегиянын артыкчылыктары тууралуу айтты.
"Урматтуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү! Бүгүн иштегениме 2 жыл 2 жума
болду. Кыргызстан эң жарды мамлекеттердин бири болгон. Эл аралык эксперттер
Кыргызстанды идеясы жок деп аташкан. Бардыгыбыз Апрель окуяларын баштан
кечирдик. Өлкө демократиялык багытта иш алып барууда. Көпчүлүгү мени жумшактык
кылып жатат деп айтышууда.
Эгемендүүлүктүн биринчи күнүнөн тартып өнүгүү
стратегиясына өткөн. Биз анын үстүндө 12 жыл катар иштедик. Биз кайда
барарыбызды билебиз. Улуттук стратегиянын кабыл алынышына өлкөдөгү бардык
фракциялар катышты. Бул документти кабыл алууда бардык мамлекеттин бутактары
катышкан. Аталган документ жөнөкөй кагаз эмес. Документти ишке ашырууда 5
миллиард долларга жакын суммада келишимдер түзүлдү",- деди президент. Мындан сырткары ГЭСтердин курулушу туурасында кошумчалады.