Алмазбек Атамбаев: "Өлкөнү транспорттук көйгөйдөн алып чыгуучу долбоорлор каралууда"

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-декабрда маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анда 2017-жылга чейинки аткарылуучу иштердин документинде өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү каралганын айтты. "Улуттук стратегиянын долбоорунун алкагындагы бардык пландар 2017-жылга чейин аткарылуусун айтып жатабыз. Өлкөнү транспорттук көйгөйлөрдөн арылтууну айтып жатабыз. 2014-жылы жазында альтернативдик унаа жолунун курулушу башталат. Баары эле жолдун эмне кереги бар деп жатышты. Бүгүн кыш келгенде анын пайдалуулугун көрүп жатабыз. Түндүк-түштүк унаа жолунун курулушу боюнча каражат тармагында келишимдер түзүлгөн. Ошону менен катар эле биз айыл жергесиндеги жолдорду оңдоону да айтып жатабыз. Ошондой эле Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу да каралып жатат. Мындан сырткары “Манас” аэропортун оңдоону ойлоп жатабыз. Анын алкагында аймактык ХАБды түзүү каралып жатат. Бул багытта Кытай тарабынан сунуштар түшүүдө ",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан