Бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылып өмүр бою кесилген Чынтемир Аширалиев күнөөсү жок экенин айтты.
Сот өкүм чыгаргандан кийин Аширалиевди сот залынан конвойлор алып кетип баратканда, "Мен күнөөлүү эмесмин" деп айтууга үлгүрдү.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту шектүү Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, үч адамды атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты.