Непалдагы жер титирөөдөн 100дөн ашык адам каза болду

4-ноябрга караган түнү Непалда орун алган катуу жер титирөөдөн 100дөн ашык адам мерт болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, жер биринчи силкингенден кийин бир саатка жетпей дагы үч жолу чайпалган.

Непалдын Мониторинг жана иликтөө борбору жер титирөө жергиликтүү убакыт менен 23.47 болгонун билдирди. АКШнын Геологиялык кызматы зилзалалын күчү очогунда 5,6 балл болгонун кабарлады.

Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахал жер титирөөдөн улам келтирилген адамдык жана материалдык чыгымга терең кайгырып жатканын айтып, өкмөт издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн коопсуздук күчтөрүн жөнөткөнүн билдирди.

Жердин катуу силкинүүсү Напалдын борборунан сырткары коңшу Индиянын борбору Дели шаарында да сезилди.

Непал сейсмологиялык жактан кооптуу аймактардын катарына кирет. 2015-жылы күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө 9 миңдей адамдын өмүрүн алып, миллионго жакын имаратка зыян келтирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан