Биз социалдык тармакта

Тимурлан Ажымалиев маданият министринин биринчи орун басары кызматына дайындалды

Ажымалиев Тимурлан Максатбекович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Тимурлан Ажымалиев президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматынан бошотулган.

Министрдин биринчи орун басары болуп март айынан бери Кайрат Иманалиев иштеп келген. Анын башка кызматка которулганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан