Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн мааоымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинир төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалыматта Иманаоиевдин башка ишке өткөндүгү белгиленет. Бирок кайсы кызматка барганы айтылган эмес.
Иманалиев министрдин биринчи орун басары болуп ушул жылдын март айында дайындалган. Ага чейин УТРКны жетектеген.