Непалдагы жер титирөө: Каза болгондордун саны 157ге жетти

Непалдагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 157ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалым болгондой, аймакта куткаруу иштери уланууда. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 1,5 миңден ашык укук коргоо кызматкерлери жана куткаруучулар тартылган.

Жер титирөөнүн эпидемиологиялык борбору Жумла шаарынынан 36 чакырым алыстыкта, Индияга жакын аймакта жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү 5.6 баллдан 6.4 баллга чейин жеткен. Жердин катуу силкинүүсү Непалдын борбору Катмандудан сырткары Индиянын борбор шаары Нью-Делиде да сезилген.

Эске салсак, 4-ноябрга караган түнү Непалда күчү 5.6 баллга жеткен зилзала болгон. Анын кесепетинен 100дөн ашык адам каза болгону маалымдалган. Президент Садыр Жапаров зилзаланын кесепетинен көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылганына байланыштуу Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан