Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов УКМКга чакырылганын айтып, атайын кызматтын имаратына кирип кетти.
"Чакырышты. Эмне маселе экенин билейин. 2 жыл мурда Свердлов районунда шайлоо өткөн, ошол боюнча менин тарапташтарымды 10 күн мурун алып кетишиптир. Азыр күбө катары чакырышты", - деди Атазов.
Буга чейин интернетте ага жана "Женгого" таандык делген аудио тараган. Андан кийин Атазов ага каралоо жүрүп жатканын айтып президент Садыр Жапаровго жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган.