Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.
“Саруудагы окуяларды ким уюштуруп жатканын билесиңер. Качан Сарууда тынчтык болот деп айтышууда? Ал жактагылар баары түшүнүп турушат. 1-2 адам гана мындай кадамга түртүп жатат. Кээ бир парламенттеги адамдар, кээ бир журналисттер гана эл өкүлдөрүн мактап жатышат. Тынчтык орнойт. Күнөөлүүлөр жооп беришет. Тынчтык болот деп ишенбегениңерди билип турам",- деди президент.