Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражапов шаардагы бардык мекеме, ишканалардын жетекчилери менен 2014-жаңы жылды тосуп алууга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү. Учурда Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасына ылайык, бардык мекеме-ишканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Мындан сырткары майрам күндөрү электр жарыгы үзгүлтүксүз берилери маалым болду.
“Майрам күндөрү эч кандай жарык үзгүлтүккө учурабашы шарт. Эгерде авариялык учурлар катталса, тез арада калыбына келтириңиздер. Майрам күндөрү шаардыктар жарыксыз отурбасын”,- дейт бул тууралуу Ильяс Ражапов. Ошондой эле вице-мэр 31-декабрь күнү түнкүсүн Ош шаарында коомдук унаалар түнкү саат экиге чейин шаардыктарды тейлешет. Ал эми күч органдары коомдук тартипти сактоодо күчөтүлгөн режимде иш алып барышарын айтты.
Учурда Ош шаарынын борбордук аянтына балатынын каркасы орнотула баштады. Балатынын узундугу канча болору азырынча маалымдала элек.