Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө. “Эгерде Ж.Сатыбалдиевдин дирекцияда мыйзам бузуу аныкталса, ал жооп берет. Аны ал өзү да билет. Ал эми Батукаевдин чыгарылышы боюнча бир анализ алмашып кеткен. Бул жерде аны алмаштырууга көп адамдын мүмкүнчүлүгү бар эле. Бул ишке көп адамдарды күнөөлөп жатты. Бул боюнча вице-премьер кызматтан кетти. Батукаев 18 жыл эмес, 9 жыл отуруптур. Лимонти деле 23 жыл отурган жок”,- деди президент. Мындан сырткары өкмөт өкүлдөрүнө карата жабылган кылмыш иштери тууралуу айтты.