Алмазбек Атамбаев: "КСДП - мен таяна ала турган жалгыз партия"

Бүгүн, 16-декабрда президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында: "Келдибеков менен Өмүркуловдун тегерегиндеги талаштар боюнча, адегенде партиянын тарыхына карасаңыздар. 20 жыл бою оппозицияда жүргөндөр бар же бакиевчилер топтолуп алгандар да бар. КСДПнын талапкерлер тизмесин шайлоо алдында өзүм түзгөм, ошондо да Мамат Орозбаевди өткөзүп жиберипмин. Коррупция гүлдөгөн акыркы жылдар ичинде таза адамды табуу татаалдыгын да эске алсак. 

Иса Өмүркуловго келсек, 2010-жылдын апрель айында жер басып алуучулар туш тараптан жер тилкелерин бөлүштүрүүгө киришкенде ушул киши айдап чыкты баарын. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп турган Мадылбеков эмес. Иса Өмүркулов жер басып алууга жол бербеди",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан