Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.
Анда Камбар-Ата ГЭСи тууралуу “Бул долбоорду аягына чыгарабыз. Камбар-Ата ГЭСин Орусия эми колдобойт деген ушакты тактоонун кереги деле жок. Бул ушак бойдон калат. Алгач бул долбоор Ташкентте талкуудан өткөн” деди ал. Мындан сырткары Өзбекстандын ГЭС тууралуу кооптонуп жаткандыгын кошумчалады.