Бүгүн, 16-декабрь күнү президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында "Эл акыркы учурда өзгөрдү. үгүтчүлөрдүн сөзүнө кирип,акча үчүн митингдерге чыкпай калды. Алар өлкөнүн, элдин бүтүндүүлүгүн сактоону көбүрөөк ойлонуп жатышат. "Манас" эпосунда "урууну эмес, улутту ойло" деген сөз айтылат. Урууларды бириктирип, бийликке жетишүүгө аракет кылгандар бар. Карапайым калк уруулар жана аймактарга бөлүнүүнү колдобой калды. Мүмкүн эмес болуп калды",- деди.