Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.
Өкмөттүн ишинин жыйынтыгы тууралуу суроого “Парламентти иштебейт деп айтуу туура эмес. Премьер-министрдин иштегенин, маселелерди чечүүгө аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. 3 жылда 3 коалиция болду. “Ата Журт” менен “Республика” фракциясы азыр оппозицияда. Эртең ким оппозицияга өтөрүн ким билет? Эгер сен башка фракцияда болсоң, сен менин душманымсың деген ой бара-бара жоголууда” деп жооп берди Атамбаев.