Алмазбек Атамбаев: "Дүйнөдөгү ар бир өлкөнүн 10 пайыз калкы башка өлкөгө кеткендей, 500 миң кыргызстандыктын чет жакка чыкканы нормалдуу көрүнүш"

Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө. 

"Мигранттарды Кыргызстанга кайтаруудан башка кандай кадамдар аткарылышы керек?" деген суроого ал: “Орусия келечегин ойлосо, укук коргоо органдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Мен дүйнө жүзү боюнча өз өлкөсүнөн чет өлкөгө чыккан жарандардын статистикасын көрдүм. Бардык мамлекеттерде калктын 10 пайызы чет өлкөгө чыгат экен. Орусия болбосо деле 500 миң кыргызстандык чет өлкөгө кетет деп айтууга болот. Бул көрүнүштү мыйзам ченемдүү деп да айтса болот. Бирок ар бир адам чет жакка чыгарда кайда, эмнеге бара жатканын, тилин билип барса жакшы болмок. Дагы айтам, башка жерде эшик шыпыргандан көрө өз айылыңарга келгиле дейт элем”,- деген оюн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан