Арча-Бешикте кутуга салынып ташталган ымыркай: 2003-жылы туулган кыз кармалды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда ымыркайын баштыкка ороп, кутуга салып таштап кеткенге шектелип ымыркайдын энеси кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бул факты боюнча иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран кармалган.

Милиция толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Кечээ, 19-ноябрда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда дагы бир ымыркай ташталды. Бул бир эле айда Бишкекте болгон экинчи учур. Буга чейин дагы жаңы төрөлгөн ымыркайды апасы таштандыга ыргыткан. Кийинчерээк милиция аны кармаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан