Ош шаарындагы "Туран" аймактык кеңешинде балдар аянтчасы оңдолду. Мындан сырткары аталган аймактын Жибекчи, Юнусова көчөлөрүнө жарык берилип, мындагы мектептердин биринде кошумча класстар ачылды. Аталган аймак дөңсөөдө жайгашкандыктан, чоң жол менен туташтыруучу тепкич оңдоодон өттү. Аталган иштердин баары жергиликтүү тургундардын демилгеси менен Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун “Тынчтык үчүн аялдар демилгелери” аттуу долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Бул тууралуу “Туран” аймактык кеңешинин төрагасы Асанбай Ахмедов билдирди.