Сасык тумоо – курч респиратордук инфекциялык оору болуп эсептелет. Дүйнөдө бир жылда сасык тумоо менен 500 миллион адам ооруп, анын 2 миллиону оорунун тереңдеп кетишинен улам көз жумат. Бул өнөкөт адатта 3-7 күндүн ичинде айыгат, бирок чарчоо жана жөтөл 2 жумага чейин сакталышы мүмкүн.
Өзгөчө күз-кыш мезгилдеринде оорудан сактануу, алдын алуу чараларын билип алуу ашыкча болбойт. Бул багытта SUPER.KG порталы Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологу Нурайым Жумакунова менен маектешти.
- Аба ырайына байланыштуу курч респиратордук оорулар күчөй турган мезгилде турабыз. Мындайда жарандар кандай профилактикалык иш-аракеттерди жасап жүрүшү керек?
- Албетте, санитардык-гигиеналык чараларды туура колдонуу талап кылынат. Мисалы, үйгө киргенде колду самындап жууп, көчөдө, коомдук жайларда медициналык беткап кийүү керек. Бул эң жөнөкөй эле ыкмалар вирустун жайылышын токтотот. Мындай учурда жеке гигиенага да өзгөчө көңул буруу керек. Алдын алуу үчүн өз алдынча витамин алып ичүүдө да астейдил болуу керек. Жакшысы, жашылча-жемиштен көбүрөөк жеп, суусундукту көп ичүү керек. Ал эми оорунун алдын алууда эпидемиялык сезонго чейин сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү, эл көп чогулган жерлерге барбай туруу, бет кап тагынуу, ооруп жаткан адамдардан оолак болуу, колду самын менен жакшылап жуу, бөлмө, кеңселерди желдетип туруу, бөлмөдөгү аба кургак эмес, нымдуу болуп туруушун көзөлгө алуу, дарыгер менен кеңешип иммунитетти көтөргөн препараттар жана каражаттарды колдонуу сыяктуу талаптарды аткаруу керек. Ошондой эле сасык тумоону ар ким ар кандай көтөргөндүктөн, эгер илдеттин алгачкы симптомдору байкалса мүмкүн болушунча дарыгерлерге эртерээк кайрылуу керектелет.
- Суук тийүү менен гриппти кантип айырмалайбыз?
- Грипп – бул дем алуу органдарынын сезгенишине алып келген инфекциялык вирус. Бул бактериялык эмес, вирустук оору. Грипп соо адамга оорулуу киши сүйлөп, жөтөлүп же чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Грипп суук тийгенден айырмаланып күтүүсүз жугат. Адам тердеп, денесинин табы 38,5 градуска жетип, тамак ооруп, булчуңдар оор тартып, шалдыроо жана алсыроо басат. Баш чыңалып ооруп, жөтөл күчөйт.
Курч дем вирустук оору болсо бейтап энтикпейт, сасык тумоодо ошол белги байкалат. Гриппте ич өтпөйт, ОРВИде болсо кусат, ич өтөт. Сасык тумоо болгондо, оорлошуп кетсе антибиотик берет, ал эми rурч дем вирустук ооруга адатта антибиотик жазышпайт.
Ал эми суук тийүү вирустун башка түрү аркылуу келет. Аны мурундун вирусу деп коюшат. Бул учурда сизди чыйрыктырган калтырак баспайт. Сиздин абалаңыз демейдеги грипп абалындай болбойт. Мисалы, сөөк менен булчүңдарыңыз ооруксунбайт. Грипп биздин иммундук системабызды активдештирүүгө алып келет. Бирок бул адамды бир нече күнгө алсыратып салат.
- Ооруну алдын алуунун эң эффективдүү жолу бул эмдөөдөн өтүү экенин адистер белгилеп келишет. Кайсы учурда, кимдер вакцина ала алат?
- Эмдөөдөн өтүүнү каалаган ар бир жаран жашаган жериндеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барса болот. Вакцина акысыз. Биздин өлкөдө "Гриппол плюс" вакцинациясы менен эмдөө жүргүзүлөт. Бул жылы министрлик тарабынан 90 миң 666 доза вакцина сатылып алынган. Вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорусу бар, иммунитети алсыз, көп ооруган балдар менен кош бойлууларга, жашы 65тен өтүп калган адамдарга, балдар үйү менен мектеп-интернаттарда тарбиялангандарга, карылар үйүндө жашагандарга, ошондой эле медиктерге сайылат. Ал эми тобокел тобуна кирбеген жарандар жеке клиникалардан барып алса болот. Бул ооруну алдын алуунун спецификалык жолу болуп эсептелинет. Ал эми инфекциянын спецификалык эмес алдын алуу жолдоруна токтоло турган болсок, ага төмөнулөр кирет:
— бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;
— респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;
— үшүп калууга же дененин ысып кетишине жол бербөө;
— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз;
— окуу жана эс алуу режимин сактоо, чаалыкпоо, таза абага көп чыгуу, жетиштүү убакыт уктоо жана толук кандуу тамактануу;
— таңкы көнүгүүлөрдү аткаруу жана дене тарбия менен алектенүү.
- Ооруну жугузуп алгандардын юасымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар экени белгилүү. Мындай кырдаалда ата-энелерге кандай кеп-кеңештерди айтат элеңиз?
- Эң биринчи кезекте балдарды жөнөкөй гигиена эрежелерин сактоого үйрөтүү керек. Дайыма колун самындап жууганды, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозун жана мурдун чүпүрөк менен жабуу керектигин эскертип туруу керек. Эгерде бала ооруп калса мектепке же бала бакчага жибербей, аларды үйдө калтырып, дарылоо иш-чараларын жүргүзүү шарт. Мындан сырткары өз учурунда дарыгерге кайрылуу маанилүү.
- Сасык тумоодон кийин адам кантип тез калыбына келе алат?
- Инфекцияны сөзсүз дарылап, ооруп жаткан учурда дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткаруу кажет. Айыккандан кийин уйкуну кандырып, туура тамактанып, кыймылдаган оң. Илдеттен арылары менен дароо спорт менен машыгып кетпей акырындан кыймылдап баштаган туура. Иммундук системаны көтөрүүдө С жана D витаминдери маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан тамакты таптап жеп, суюктукту көп ичүү сунушталат. Себеби сасык тумоо организмди кургатып жиберет. Ал эми суу жылуу, таза болушу керек. Ага лимон же жемиш кошуп ичсеңиз болот. Чөп чайлар да пайдалуу.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат, ишиңизде ийгиликтер болсун!
Маалымат үчүн: Сасык тумоодон тез арыла турчу үч ыкма аталды. Британиялык дарыгерлердин айтымында, биринчиси – тамакка себе турган спрей, бул микробдордон сактап, ооруна 3/1ге төмөндөтөт, кийинкиси эхинацея гүлү деп табылды. Үчүнчүдө С витаминин пайдалануу турат. Ага катар цитрус жемиштерин, калемпирди, брокколи, брюссель капустасын жана картошканы жесе да оң натыйжасын берет.