20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун бошотуусун талап кылып, депутаттын Ош шаарындагы борбордук аянтта жайгашкан коргоо комитетинин штабында саясий ачкачылык жарыялаган аялдар ачкачылыкты улантууда. Бул тууралуу митингди уюштуруу тобунун мүчөсү Сапаргүл Бердалиева бүгүн, 16-декабрда билдирди.
"Ачкачылык жарыялагандардын бирөө ишемби күнү, экөө жекшемби күнү ооруп, ооруканага жатып калышты. Буга чейин да бир аял ооруканага жаткан болчу. Күн суук болгонуна байланыштуу кээ бири жөтөлүп, кээ биринин кан басымы түшүп, тынбай "Тез жардам" кызматын чакыруудабыз. Тарагыла, үйүңөргө кете бергиле кыйналбай десем, "бийликтен бир жооп болмоюнча кетпейбиз" деп жатышат аялдар",- дейт бул тууралуу Бердалиева.
Учурда саясий ачкачылык жарыялагандардын саны ооруканага жаткандарды кошпогондо тогузду түзөт.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата "2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон" деген айып тагылууда.