2013-жылдын 11-декабрынан 15-декабрына чейин “Мамлекеттик белгиси жок” аталыштагы профилактикалык рейд Жалал-Абад облустук ИИББинин, Жалал-Абад шаардык ИИББинин жана Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп, Жол-кайгуул кызматы тарабынан 1491 унаа текшерилди. Жыйынтыгында жол эрежелерин бузган 213 айдоочуга протокол толтурулган. Анын ичинен 22 айдоочу спирттик ичимдик ичип алып рулга отургандар болгон. Ошондой эле 25 айдоочунун күбөлүгү жок болсо, 23 айдоочу мамлекеттик номурлары жок жүрүшкөн.