Жогорку Кеңеш “Мал чарбасын асылдандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин мүчөлөрү “Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” мыйзамга киргизилген толуктоолорду 3-окууда жактырды. Мындай чечимди депутаттар бүгүн, 16-декабрда кабыл алышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, мыйзам долбоору асыл тукум малдарды өстүрүү менен алек болгон чарба жүргүзүүчү субъекттерге асыл тукум заводу, чарбасы жана фермасы макамын берүү боюнча жобону аныктоо максатында иштелип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан