Кыргызстан менен Кытайдын парламенттеринин ортосундагы маданий пикир алышуулар менен алакаларды арттыруу маселелери талкууланды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев башында турган парламенттик делегациясынын жумушчу иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарында (КЭР) бир катар жолугушуулар өттү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жакшыртуу, Кыргызстан менен Кытайдын парламенттеринин ортосундагы маданий пикир алышуулар менен алакаларды арттыруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Делегациянын курамында Жоомарт Сапарбаев, Турсунбай Бакир уулу, Гүлнара Жамгырчиева, Майрамкан Кадырбекова, Максат Сабиров, Бахадыр Сулейманов, КРнын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси К.Бактыгулова бар.

Эске сала кетсек, парламенттик делегация Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын чакыруусу боюнча аталган өлкөдө иш сапары менен жүрөт. Анын негизинде депутаттар бир катар шаарларда жолугушууларды өткөрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан