Эртең, 17-декабрда Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнүнө карата бир нече документалдык тасмалар шаар тургундарына акысыз көрсөтүлөт. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз жана чет өлкөлүк режиссёрлордун эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүнө арналган тасмалары көрсөтүлөт. Иш-чара Эл аралык коргоого аракеттешүү борбору “Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук уюму, Ош шаардык мэриясынын жаштар комитети жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп жатат.