15-декабрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошова абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө элдин депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу, чет жердеги мигранттардын укугун коргоо сыяктуу сунуштары айтылды. Депутат айым Жылдыз Жолдошова шайлоочулардын бардык сунуштарын угуп, аларды жол тоспоого, мыйзам бузбоого чакырды. Ошондой эле айтылган сунуштарды Жогорку Кеңешке жеткирерин айтты.