"Кыргыз тамактарын жеп сагынычты таратам". Кореяда эмгектенген кыргыз жигити менен маек

SUPER. KG порталы дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жүргөн мекендештердин бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолу Түштүк Кореянын Кёнгидо правинциясынын Ансон шаарында эмгектенип жүргөн 21 жаштагы Алмаз Абдылдаев менен маектештик.

- Алмаз, өзүңүз тууралуу кененирээк маалымат берип өтсөңүз.

- Мен 2002-жылы 3-июлда Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кайнар айылында туулгам. Балалык чагым Бишкекте өттү. Орто билимди дагы борбор калаадан алдым. Үйдүн улуу баласы болгондуктан жумушка эрте аралаштым. Атама жардам берип, базарга чыгып соода кылганды үйрөнүп, акча кандай жол менен келерин кичине кезде эле түшүнгөм.

- Кореяга барууга эмне себеп болду? Кайсы программа менен кеттиңиз эле?

- Кореяга барууга тааныш байкем себепкер болду. Ал 2019-жылы Түштүк Кореяга бир жыл иштеп келгенден кийин мага сунуштаган болчу. Ошол убакыттан тарта мен дагы кызыгып ал өлкөгө баруу жолдорун издеп баштадым. Ошентип 2021-жылы Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборуна келип Кореяга жумушка кабыл алуу тууралуу маалымат алып, тил үйрөнө баштадым. Туура 6 ай окуп "EPS topik" программасынын экзаменин тапшырып, өттүм. 2022-жылы Корея тараптан чакыруу келип, ноябрь айында келдим. Азыр Кудайга шүгүр, ойдогудай иштеп жатам.

- Эмне үчүн Орусия же Европа эмес, Кореяны тандадыңыз?

- Бул өлкөнү тандаганымдын себеби - башка мамлекеттерге караганда мүмкүнчүлүк көп экенин билдим. Окуудабы, жумуштабы, бизнестеби, айтор артыкчылыгы арбын. Кореяга чакыруу келгенге чейин бир жыл Орусияга барып иштеп көрдүм, ал жакта жумуш оор, климаты да суук анчейин жаккан жок. Бирок чыдап иштесең болот. Кореядан келишим келгенден кийин Кыргызстанга кетип, андан соң бул жакка келдим.

- Кореяга алгач барганда кыйынчылыктарга туш болгон чыгарсыз...

- Албетте, биринчи келгенимде ар тараптан кыйынчылыктар жаралды. Эң биринчи тилди жакшы билбегендигим болсо, экинчиси тамак-ашы, климаты бир топ кыйынчылык жаратты. Чындыгында бөтөн элге, жерге көнүш кыйын эле болду. Бул жакта жумуш оор, Кореяга келгенге чейин балка, дрель, болгарка сыяктуу эркеке керектүү шаймандарды колдонуп көрбөгөндүктөн кыйын болду, айла жок үйрөндүм десем болот. Алгач келген заводдо химиялык заттар көп чыкчу ошондуктан иш алмаштырдым. Кийин азыр иштеп жаткан темир заводго келдим. Зыяндуулугу аз, бирок дем алышсыз 14 саат иштейм. Кореянын жарандары абдан эмгекчил, жанымда чогуу иштеген кореялык 70 жашта. Аларды көрүп уяалганыңан иштейсиң. Айлык акы негизи иштегениңе жараша чыгат. Дем алыш күндөрү да иштегенге аракет жасайм.

- Корей тилин үйрөнүү оор болгон жокпу? Кандай методдор менен үйрөндүңүз?

- Корей тили орус тилине салыштырмалуу жеңил, болгону эле өзгөчө көңүл буруп окуп коюу керек. Мугалим жакшы окутчу. Экзаменге даярданып жүргөндө берилген тапшырмаларды, сөздөрдү калтырбай жаттап, аракет кылдым. Сөздөрдү канчалык көп билсең экзаменден өтүү мүмкүнчүлүгүң көп болгондуктан сөздөргө басым жасадым. Мындай темп менен тил үйрөнсөң, эки-үч жылда эркин сүйлөп каларыма көзүм жетти. Ошентип Кореяга келип практика жүзүндө жакшы сүйлөп калдым.

- Корея сизге кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди?

Бул жакка келгенден кийин карындашымдын туулган күнү болуп ага iPhone белек кылууну ойлодум. Кореяда телефон арзан деп укканымдан дүкөндөрдөн бааларын байкап келдим. Чындыгында биздикине караганда арзан экен. Ошондон улам Кыргызстанга телефон салып иштесемби деген ой жаралды. Аракет кылып жатып, учурда Бишкекте уюлдук телефон саткан allphone.kg дүкөнүм бар. Изденсең ушул сыяктуу мүмкүнчүлүктөр бар.

- Өзүңүз туш болгон кызыктуу окуя тууралуу айтып берсеңиз?

- Адам баласынын жашоосунда кызыктуу, күтүлбөгөн учурлар көп болот эмеспи. Мен туш болгон окуя жашоомо бурулуш жасап, корея эли жөнүндө оюмду толук өзгөрткөн инсан деп айтсам жаңылышпайм. Ушул адамдын кылган мамилеси эч эсимден кетпейт.

Мен жаңы Кореяга келип телефон алып баштаган учур эле. Күндөрдүн биринде Руо (표) аттуу адамдын телефонун сатып алмакчы болуп, жолугушуу уюштурабыз. Саат кечки 10го кезигебиз деп сүйлөшүп барсам, бир саат кечигип келди. Чет элдик экенимди билген экен, алдын ала ошого шашып келип, жапакечтенип, көргөнүнө сүйүнүп, күттүрүп койгону үчүн кечирим сурап жатты. Телефонду төмөн баада бергени аз келгенсип, мага таттуулардан, тамак-аштан сатып алып берип, үйгө чейин такси чакыртып, төлөп салып жиберген. Ал дагы англис тилин билгендиктен экөөбүз көп нерсени сүйлөшүп калдык. Ыраазычылыгымды билдирсем, "Эч нерсе эмес, эң башкысы сен корей адамдары жөнүндө жаман ойдо калбашың керек" деп кетти. Ошондон улам түшүндүм, демек, биздин жарандар да ушундай ойдо болгондо, Кыргызстандын туризм тармагы мындан да кеңири өнүгүп өсөт беле деп. Ал мени англисче билип жана iPhone’ду жакшы түшүнүп текшерип жатсам, ошолорго таң берди, "Сен абдан зээндүү жигит экенсиң" деп мактоо сөздөрүн айткан. Жолугушууга келе жатып Кыргызстан тууралуу интернеттен карап көрсө, тоолор, боз үй, жылкы, жайлоо жөнүндө маалымат чыгыптыр. Ошол себептен бизди ушундай кичине жерде жашашат, көп нерсени билбейт деп ойлоп келген экен. Ага Кыргызстанга барам десең дайыма байланыштамын. Тосуп алып же чогуу барып мекенимдин кооз жерлерин, кең-пейилдүү адамдарын, үрүп-адаты, маданияты менен тааныштырам деп коштошуп үйгө келе бердим. Ушул окуя мен үчүн адамгерчиликтин бийик даражадагы үлгүсү болуп калды. Ар түрдүү терс адамдарды көрсөм дагы ал адамдын мындай жакшылыгы үчүн кореялыктарды мактап келем. Жакшы инсандар бар, дүйнө сакталуу чыгар.

- Кореянын артыкчылыгы жана кемчилигин айтып берсеңиз?

- Акыркы убакытта Кореяга келген жарандардын арасынан көпчүлүгү жарандык алып, түбөлүк жашап калганга аракет кылып жатышат. Ушундан улам Кореянын кемчилигинен, артыкчылыгы басымдуулук кылат деп эсептейм. Мен байкаган кемчилиги адамдар көп болгону эле окшойт.

- Келечекке болгон максаттарыңыз кандай?

- Кудайым буюрса, алдыда көптөгөн максаттарым бар. Эң негизгиси ата-энемди ыраазы кылсам дейм. Мекенге барып, бул жактан үйрөнгөнүмдү Кыргызстанга ачып, ийгиликтүү иштетип экономикага салым кошсом деген ниетим бар. Албетте, билим алып ар тармактуу болгум келет.

- Корея жашоого болгон көз карашыңызды өзгөрттүбү?

- Көз карашымды көп эле жолу өзгөрттү, убакытты туура колдонгонду, адамдар менен жеңил, сылык тил табышууну өздөштүрдүм. Эмгекке чыдап бышканды, жакын адамдарыңа болгон мамилени жана башка.

- Мекенге болгон сагынуу сезимдерин кандай таратасыз?

- Бизде Кореяда кыргыз кафелери бар, алыс болгонуна карабастан жумасына бир же эки ирет барып, кыргыз тамактарын жеп, сагынычты таратып турабыз. Азыр ааламдашуу заманы болгондуктан үйдөгүлөргө тез-тез видео байланыш менен чалганга аракет кылып турам. Вотсапта туугандардын тайпалары бар, ал жакка чалам, жазам, сүрөттөрүмдү жиберем. Досторум, тааныштарым менен да сүйлөшүп өткөн-кеткенди эстеп, чер жазып алам.

- Кореяда жакындарыңыз барбы? Жаңы дос таба алдыңызбы?

- Жакын туугандарымдан азырынча эч ким жок. Бул жактагы мекендештер курултай көп өткөргөндүктөн, ошол жактан жаш, мыкты, амбициялуу кыргыз досторду таптым. Ар кимиси ар башка облустан. Канча жылдан бери иштеп жүргөн байке, эжелер менен тааныштым.

- Кыргызстанга келүү пландарыңызды кайсы убакытка коюп жатасыз?

- Мекенге кетүү пландарым буйруса 3-4 жылдан кийин. Эмгек келишими аяктаганда, визаны бизнес багытка алмаштырып ишимди улантуу планым бар.

- Алмаз мырза, убакыт бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизди ийгилик коштосун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан