Тажик аскерлери кармап кеткен эки кыргыз жараны бошотулду

Тажик чек арачалары 15-декабрь күнү алып кеткен эки кыргызстандык жаран бүгүн бошотулду. Бирок автоунаалары кайра берилген жок. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эске салсак, 15-декабрда Самаркандек айыл округунун эки тургуну Тажикстандын Хожъалоо айылына жакын жерде иштетилбей калган электр мамыларын алып кетүүгө аракет кылган учурда тажик чек арачылары кармап кеткен. Электр мамылары Кыргызстанга тиешелүү экени айтылып келет.Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 16-декабрда таңга жуук экөө тең Кыргызстанга кайтарылды. Бирок алар минип барган бир автоунаа жана бир трактор тажик тарапта калды. Техникаларды кайтаруу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Окуя болгон жер такталбаган аймак болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан