АКШнын президенти дүйнө лидерлеринин саммитине катышпайт

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден климаттын өзгөрүшү боюнча дүйнө лидерлеринин жыйынына катышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда The New York Tımes чет элдик басылмасы Ак үйдүн маалымат кызматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Байдендин саммитке катышпай тургандыгы тууралуу себептер азырынча айтыла элек. Бирок ал Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш темасына өтө берилип кетти деген божомолдор бар.

"Өлкө башчыларынын жолугушуусу Дубайда (БАЭ) өтөт. Анда катышуучулар абага парник газдарын бөлүп чыгаруучу көмүр, мунай жана газды пайдалануудан этабы менен баш тартуу боюнча дүйнөдөгү биринчи келишимге жетүүнү мерчемдөөдө.

Саммитке жалпысынан 200гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү, ошондой эле 70 миң делегат катышат. Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Рим папасы, Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти Мухаммеда бен Заида аль Нахайян, Уулу Британиянын премьер-министри Риши Сунак, Европалык комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана башка адамдар келери күтүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан