Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өттү.
"Шаардын мэри ким болушу керек?" деген суроого: “Бишкек – биздин сүйүктүү шаар. “Малышка Би” деген ыр бар экенин да билсеңиздер керек. Борборубуз жакшы мамилени талап кылат. Бирок бир гана мэр тараптан эмес, өкмөт дагы жардам бериши зарыл. Бишкектеги салыктан аз өлчөмдө акча калат. Бул учурда башка мэрлер каражатты кайда сарптоону билбей, эстеликтерди тургузушууда”,- деди мамлекет башчы.
Мурдагы мэр И.Өмүркулов тууралуу айтып жатып “революциядан кийин шаардагы басмачыларды ШИИБ эмес, Иса Өмүркулов кууп чыккан” деп кошумчалады.