Япониянын көчөлөрүндө таштанды челектер көбөйүүдө

Япониянын Осака шаарындагы туристтер көп барган Дотонбори районунда ондогон жаңы таштанды челек коюлду. Бул тууралуу The Japan Times басма сөз кызматы жазды.

"Аларды колдонуу үчүн нускама бир нече тилде жазылган. Ага чейин мындай челектер Киото жана Хиросимага коюлган. Мындай иштер Япония өлкөсүнө келген саякаттоочулардын санынын көбөйгөнүнө карата аракеттер", - деп айтылат маалыматта.

Японияда таштанды көйгөйү көчө фаст-фудунун көптүгүнө байланыштуу. Туристтер көбүнчө нукура япон ашканасынан баш тарта алышпайт. Ошол эле учурда кагаз жана желим бөтөлкөлөрдү иргөө эрежелерин билбегендер арбын.

"Көп жылдар мурун Япониянын көчөлөрүндө таштанды челектер дээрлик жок болуп кеткен. Осаканын айлана-чөйрөнү коргоо бюросу белгилегендей, тургундар жагымсыз жыт, таштандылардын көпкө чейин туруп калышы боюнча арызданышкандыктан, контейнерлерди алып салуу чечимине келишкен", - деп кошумчаланат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан