Казакстанда уюшкан кылмыштуу топтун лидери каза болду

Коңшу Казакстандын Актөбө шаарында "Четыре брата" уюшкан кылмыштуу тобунун лидери, белгилүү ишкер жана меценат Эркин Избасар каза болду. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 27-ноябрь күнү эртең менен каза болгон. Маркум көптөгөн оор операцияларды башынан өткөрүп, ооруп келген. Ал буга чейин көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасап, жакырларга жардам берип келгени белгиленди.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Актөбөдө атайын операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кылмыштуу топтун бир нече мүчөсү мунай сатуу, рейдерлик басып алуу, каракчылык жана опузалап акча талап кылуу менен алектенген адамдар кармалган. Алардын лидери Эркин Избасар болгон.

Натыйжада ал 2018-жылдын август айында 12 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары, мүлкү жана акчасы конфискацияланган.

2021-жылдын ноябрында "Четыре брата" уюшкан кылмыштуу тобунун лидери ден соолугуна байланыштуу колониядан бошотулганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан