Дарыянын нугунун өзгөрүшүнүн натыйжасында Норвегиянын 500 чарчы метр аянты Швецияга өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дарыянын нугу өзгөргөнүн Норвегиянын чек ара аскерлери байкашкан. Швецияга өтүүчү аймак, жеке менчик жер болчу. Эми эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтерине расмий билдирүү үчүн докменттерди даярдап жатышат.
Чек араны расмий өзгөртүү кийинки жылы болушу мүмкүн.