ХАМАС кыймылынын басма сөз катчысы Усама Хамдан америкалык миллиардер Илон Маск Израилге баргандан кийин миллиардерди Газага чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз Илон Маскты Израилге баргандай эле Газа тилкесине барып, кыргындын масштабын жана элибизге каршы жасалган кылмыштарды көрүүгө чакырабыз", - деген ал.
Ал ошондой эле араб лидерлерин Эр-Риядда өткөн кезексиз биргелешкен ислам-араб саммитинде "Израилдин агрессиясы жана Газаны курчоого алуусун" токтотуу үчүн макулдашылган резолюцияларды аткарууга чакырды. Ал ошондой эле сектордун түштүгүндө жана түндүгүндө эң зарыл керектелүүчү товарлардын жетишсиздигин жоюу үчүн гуманитардык жүк ташуучу унаалардын санын көбөйтүүнү суранды.
Эске салсак, Илон Маск Израилге 27-ноябрда келип, премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен бирге X социалдык тармагында биргелешкен түз эфир өткөрүшкөн. Анда ал премьер-министрдин "ХАМАС жок кылынышы керек" деген пикирине макул болгон.