Белгилүү казакстандык блогер Айжан Байзакова экинчи ирет эне болду. Сүйүнүчтүү кабарын блогер социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Айтымында, ал кечээ, 28-ноябрда көз жарган.
"Куттуктооңуздарды кабыл алабыз. Кечээ, 28-ноябрда мен экинчи уулумду жарык дүйнөгө алып келдим. Баары ойдогудай болду", - деп жазды ал.
Айта кетсек, Айжан Байзакова менен жолдошу төрт жаштагы Алан аттуу уулду тарбиялап келишет.