Казакстанда Хостел өрттөнүп, 13 киши каза болду

Бүгүн, 30-ноябрда Казакстандын Алматы шаарындагы хостелдердин биринен өрт чыгып, анын кесепетинен 13 киши көз жумду. Бул тууралуу TENGRI NEWS чет элдик маалымат кызматынан билдирди.
"Өрт үч кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүнөн чыккан. Анын биринчи кабаты менен жер төлөөсү хостел катары пайдаланылып келген. Кырсык болгон учурда 72 адам болгон. Алардын 59у эвакуацияланып, анын ичинен 3 адам ооруканага жеткирилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, адамдар иске ууланган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын жети бригадасы тартылды. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан