Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы башкы катчысы жана "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Генри Киссинжер 100 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Киссинжер кечээ, 29-ноябрда Коннектикут штатында өз үйүндө көз жумган. Буга чейин 100 жылдыгын белгилеген Генри Киссинжер өмүрүнүн аягына чейин саясий иштерде жүрдү. Ак үйдөгү жолугуушуларга катышып, өзүнүн лидерлик стили боюнча китеп жазган. Ушул жылдын июль айында Пекин шаарында болуп, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолуккан.
"Американын президенттери Эйзенхауэр, Кеннеди, Жонсон, Никсон жана Трамп анын сунуштарын угушкан. Ага Орусиянын президенти Владимир Путинда бир эмес эки жолу барган. Киссинжер 1970-77-жылдары мамлекеттик катчы кызматын аркалаган. Бул мезгил аралыгында АКШнын СССР жана Кытай менен болгон мамилелерин жакшыртууга жетишкен. Ошондой эле Вьетнамдагы согушту токтотууга аракеттерди кылып, бул эмгеги үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган”, - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Генри Киссинжер 1923-жылы 27-майда Германиянын Фрют шаарында туулган. 1938-жылы белгилүү себептерден улам анын үй-бүлөсү Германиядан чыгып, АКШга качып кеткен. Ал жерден ал өзүнүн атын Хайнц Альфред Киссинжерден Генри Киссинжер деп өзгөрткөн.