Түркиянын биринчи айымы Палестинада тынчтык орнотуу тууралуу пикирин айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган "29-ноябрь - эл аралык Палестина эли менен тилектештик күнүнө” байланыштуу социалдык медиа баракчасында дүйнөгө кайрылуу жасады.

"Бүгүн биз Газа тилкесинде жерди жаздык, асманды жууркан катары колдонуп жаткан бейкүнөө адамдар менен биргебиз. Палестинанын эркиндик үчүн күрөшүн колдойбуз. Дүйнөнүн кайсы бир жеринде адилетсиздик менен бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жатса, эч кимибиз эч жерде толук коопсуз боло албайбыз.

Эл аралык Палестина эли менен тилектештик күнүндө биз кайрадан дүйнө жүзүнө кайрылабыз; Биз убактылуу ок атышпоону эмес, кош бойлуу аялдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кыргынга учураган бардык жарандар үчүн дароо, туруктуу тынчтыкты талап кылабыз.

Албетте, залимдик жана зулумдука каршы туруп, жүрөктөрүн кек жана жек көрүүгө эмес, ырайымдуулукка толтуруп, бир туугандыкты артык көргөндөр, силер жалгыз эмес экениңерди билишиңер керек.

Түркия эч нерсеге карабастан ар дайым күнөөсүздөрдүн жанында болот жана Газага гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн аракет кылат. Акыры адамзат жеңет деп ишенем" деген Эмине Эрдоган.

Ошондой эле биринчи айым Эмине Эрдоган 15-ноябрда Стамбулда көптөгөн өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын жубайлары жана атайын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Палестина үчүн бир жүрөк” саммитин өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан