"Балалуу эне автобуска түшүүгө акысы жокпу?" Окурман автобус айдоочуларына нааразы болду

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман кайрылып, Бишкектеги автобус айдоочуларына нааразычылыгын билдирди.

Окурмандын айтымында, автобус айдоочулары аны коляска менен салбай кетип жатканын айтып даттанды.

"Мени коляска менен автобус айдоочулары салбай кетип жатышат. Аялдамадан токтоп киши түшүрүп коляскамды көтөрүп чыккыча эшигин жаап жүрүп кетет. Же арткы эшигин ачпай коёт. Эмне үчүн жаш балалуу энелерге мындай мамиле кылышат? Балалуу энелерди кичи автобус албаса же автобус албаса, же троллейбус салбаса каякка түшөбүз? Биздин укугубуз жокпу? Же автобус алардын менчигиби? Такси менен жүрөлү десек өзүбүз иштебей бала менен үйдө отурсак, бизде кайдагы акча? Айла жок автобус, троллейбус менен барганга туура келет. Биз да эл катары акча төлөп жатабыз, эмнеге мындай мамиле кылышат? 100, 226, 50, 35-автобустун, 4-троллейбустун айрым айдоочуларына карата чара көрүп берүүңүздөрдү өтүнөм. Мен мындай жагдайга бир эмес, бир нече жолу кабылдым. Шаарда мага окшогон энелер канча, ким билет?!" - деп нааразычылыгын билдирди окурман.

Ошондой эле окурман айрым автобус айдоочулары коляска үчүн да жол акы сурап жатканын айтып, даттанды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан