Катарда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өлкөнүн тышкы иштер министрин жарым саат күттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, кечээ, 29-ноябрда Германиянын президенти Катар мамлекетине барган. Келери менен ал күтүүсүз “кош келүүгө” туш болуп, жарым саат учактын эшигинин алдында дипломаттарды күткөн. Чынында учак майданында расмий өкүлдөр болгон эмес.
“Ага чейин даярдыктар көрүлүп, Германиянын башчысынын Airbus A350 учагынын алдына кызыл килемдер төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Германиянын элчиси Лотар Фпайшладер да кабыл алууга даяр эле. Бирок Катардын тышкы иштер министри Султан Аль-Мурайчи 30 мүнөттөн кийин келген. Себептери белгисиз”, - деп айтылат маалыматта.
Болгон окуяга карабастан Франк-Вальтер Штайнмайер менен эмир Тамим ибн Хамад Аль Танинин жолугушуусу план боюнча өткөн.