Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев экинчи жубайы бар экенин ачыктады

Казакстандын биринчи президенти, өлкөнү 1989-2019-жылдары башкарган Нурсултан Назарбаев экинчи аялы жана андан эки уулу бар экенин билдирди. Бул тууралуу саясатчы "Менин жашоом" аттуу автобиографиялык китебинде жазган. Назарбаевдин экинчи үй-бүлөсү тууралуу баяндаган мемуарлардан үзүндү Orda.kz сайтында жарыяланды.

Orda.kz редакциясы “Менин жашоом” аттуу эскерүү китебинин сатыкка чыга элек алгачкы нускаларын саясатчылар, эксперттер жана журналисттер алганын белгилешти.

Назарбаевдин бул китебинде анын саясаттагы жолу, өлкөдөгү саясий окуялар жана жеке жашоосу тууралуу кеңири баяндалган.

Ал болочок жубайы Асел Исабаева менен Талдыкорганга болгон сапарында таанышканын айткан.

"Мамлекет жетекчиси аймактарга иш сапары менен барганда дайыма аба майдандан сулуу кыздар гүл менен күтүп алат эмеспи. Эми бул бизге сиңип калган жакшы адаттардын бири. Талдыкорганга барганыбызда траптын жанында татынакай кыз гүл кармап туруптур. Шыңга бойлуу кыздын ажарлуу жүзү көпкө чейин көз алдымдан кетпей койду", — деп эскерет Назарбаев.

Экс-президенттин айтымында, ал жубайын 1999-жылы "Мисс Казахстан" сулуулар сынагынын гран-присин жеңип алганы тууралуу маалыматты уккандан кийин тапкан.

"Асел менен тааныштык. Бул өз ара симпатияга айланды. Андан ары жакын тааныш болуп, жолуга баштадык. Аселдин тышкы келбетинен да, сүйлөгөн сөздөрүнөн да өзүм издеген көп сапаттарды көрдүм. Эң негизгиси мен көп жылдар бою сүрүп келген руханий жалгыздыктан кутулдум. Биз аны менен шарият жолунда никеге турдук", — деп жазган Назарбаев.

Ошондой эле жубайы Асел ага эки уул тартуулаганын, Тауман 2005-жылы, Байкен 2008-жылы төрөлгөнүн эскерген.

"Аталык кубаныч, баламды өпкөн бакыт 65 жашымда кайрадан мага кайтып келди. Балдарымдын алгачкы кадамдары, алгачкы сөздөрү, аларды кучагыма алганым, оюнчуктарынын сыйкырдуу дүйнөсү, биринчи класска барышы, биринчи окуп, жазган тамгаларынын ырахаты, жумуштан кийин үйгө киргенде мени көздөй ызы-чуу чуркаганы... — мунун баары борбор шаарды куруу мезгилиндеги кыйынчылыкты жеңилдеткендей болду. Ошол күндөрдү, жылдарды жылуу сезимдер менен эстейм", - деген ал.

Назарбаев расмий никедеги жубайы Сара аны туура түшүнгөнүн жана кечиргенин айткан.

"Менин жаш кезимден бери мага таяныч болгон, үч кызым — Дарига, Динара, Алиянын апасы Сарага өмүр бою ыраазымын, ага дайыма камкордук көрдүм. Бул оор жашоодо, тагдырымдагы бурулуш учурунда ал мени туура түшүнүп, кечирди. Тун уулум Тауман төрөлгөндөн кийин, мен Алматыга келип, Сарадан кечирим сурап, баарын ачык айттым. Ал ошондо да өзүнүн ак сөөктүгүн көрсөтүп, «Балада эч кандай айып жок, ал күнөөсүз периште. Бактылуу болсун", — деди. Кыздарым да мени туура түшүндү" — деген Казакстандын тунгуч президенти.

"Мына ушундай достор, Мен бүгүн акыйкатты айттым. Муну кандай кабыл аласыз, кандай карайсыз, ал сизге байланыштуу. Бул жашоо. Такыр четке кага албай турган чындык бар. Ал чындык, жүрөгүңүзгө эч кандай буйрук бере албайсыз", — деп жыйынтыктаган.

Нурсултан Назарбаевдин экинчи үй-бүлөсү тууралуу буга чейин да бир топ сөз болгон. Бирок расмий түрдө тастыктала элек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан