Германияда жумушсуздардын саны ноябрь айында 5,9 пайызга өстү. Бул тууралуу өлкөнүн иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттиги билдиргенин РИА Новости басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү жумушсуздардын санынын бул көрсөткүчү өткөн айга салыштырмалуу 0,1 пайызга көбөйдү. DailyFX порталынын сурамжылоосуна катышкан аналиктер, жумушсуздуктун көрсөткүчү октябрь айынын деңгээлинде каларын болжолдошкон.
Бирок аталган өлкөдө алардын саны 22 миң адамга өскөн.