Алматыда өрттөн 13 адамдын каза болушу: Полиция хостелдин ээлерин издөөгө алды

Коңшу Казакстандын полициясы Алматы шаарында өрттөнгөн хостелдин ээлерин издеп жатат. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов полиция каттоодон өтпөгөн жатакана жайгашкан жайдын ээлери менен ижарачыларынын өздүгүн жана жайгашкан жерин тактап жатканын белгиледи. Алматы полициясы бул ишке шектүүлөр азырынча сурала электигин кошумчалады.

"Бул адамдардын аты-жөнү такталды. Учурда алардын жүргөн жерин тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Азырынча эч кимиси суракка алынган эмес. Азыр бардык документтерин чогултуп, жагдайлары такталууда", - деген Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Айбат Мурзамадиев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 30-ноябрда саат 05:33тө Алматы шаарындагы Ади Шарипов көчөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 06:22де өчүрүлгөн. Окуянын кесепетинен 13 адам: төрт чет элдик жана тогуз Казакстандын жараны каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан