18-22-декабрь аралыгында Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 5-ирет уюшулуучу “Жаңы жылдык белек-2013” жарманкеси орун алат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күнүгө 10:00-18:00гө чейин боло турган жарманкеден жаңы жылдык белектерди, азык-түлүктөрдү табууга болот. Ага 70тен ашуун ишканалар өз өндүрүштөрүн сатыкка коюлары айтылат.