"Беш, төрт, үч, эки, бир". Жо Байден жаңы жылдык балатыны жандыруу аземин үзгүлтүккө учуратты

Америка Кошмо Штаттарынын баш калаасы Вашингтондо салтка айланган жаңы жылдык балатыны жандыруу аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда чет элдик басылмалар билдирди.

"Салтанатка өлкө башчысы Жо Байден катышып, жаңы жылдын башкы символу болгон балатыны жандандырды. Бирок ал бир жакка шашып, салтанатты үзгүлтүккө учуратты. Президент алып баруучуга сөз бербестен, аны жандыруу үчүн дароо санай баштады", - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерден тартылган кадрлар маалымат түйүндөрүнө жарыяланып, талкууга алынды.

Белгилей кетсек, АКШнын башкы балатысы ушул аптада катуу шамалдан улам кулаган. Аны кайра орнотуу үчүн көп жабдуулар керектелип, адамдар бир нече саат убара тартышкан.



                                            
"Беш, төрт, үч, эки, бир". Жо Байден жаңы жылдык балатыны жандыруу аземин үзгүлтүккө учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан