"Көп кан жоготкон". Индияда аял белектин айынан күйөөсүн өлтүрүп алды

Индияда 38 жаштагы аял жолдошун мурунга уруп, өлтүрүп алды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кызматкерлеринин маалыматына таянып NDTV чет элдик телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя аталган өлкөнүн Пуна шаарында орун алып, жолдошу аялын туулган күнүндө Дубайга эс алууга жөнөтүүдөн баш тарткандыгы себеп болгон.

"Жаштар уруша кетип, жаңжал учурунда Ренуки күйөөсү Нихиланын мурдуна катуу урган. Натыйжада анын мурду жана бир нече тиштери сынган. Ошондой эле көп кан кеткендиктен эсин жоготкон", - дейт полиция кызматкерлери.

36 жаштагы жабырлануучу кол көтөрүүдөн кийин көп убакыт өтпөй каза болду. Мындан улам полиция кызматы аялга карата кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу кармоочу жайга камады.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан