Көзү азиз ата-энесин караган 16 жаштагы балага бет капчан адам батир сатып берди (видео) 

Коңшу Казакстанда бет капчан адам ата-энесинин көзү көрбөй калган муктаж үй-бүлөгө батир белек кылды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

16 жаштагы Раун аттуу бала ата-энесине кам көрөт, анткени алар өз алдынча жүрө алышпайт. Раундун ата-энеси биринчи топтогу майыптар. Үй-бүлө ижарага алган батирде жашап, 5 жылга жакын убакыттан бери ижара акысын төлөп келишет. Раун өзү да көрүүсү начар экенин моюнуна алган.

Ал ата-энесинин көздөрүнүн көрүп кетиши негизги кыялы экенин жана батирдеги шарт начар экенин айткан.

"Жатаканадагы шарттар абдан жагымсыз, жөргөмүштөр жана курт-кумурскалар көп, коммуналдык душ кир", - деген ал.

Жыйынтыгында бет кап кийген адам Раундун үй-бүлөсүнө бардык шарты менен батир берген. Ошондой эле бет капчан адам баланын ата-энесин дарыланууга жөнөтөт.

Көзү азиз ата-энесин караган 16 жаштагы балага беткапчан адам батир сатып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан