Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш кайрадан жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, Газа тилкесиндеги согуш ноябрь айынын 24нөн 30на чейин убактылуу токтогон.
"Бүгүн, 1-декабрь таңда ХАМАС тыныгуунун талаптарын бузуп, Израилдин аймагына ок чыгарды. Мындан улам Израиль дагы Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерин кайрадан баштады", - деп айтылат Израиль коргонуу Армиясынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин эки тарап ок атышууну 4 күнгө, андан кийин дагы 2 күнгө токтотууну макулдашышкан. Бул убакыт аралыгында эки тарап тең согуштун бардык аракеттерин токтотуп, барымтадагыларды алмашуу жүрдү. Жыйынтыгында, ХАМАС барымтадагы 90 адамды, ал эми Израиль 180 палестиналыкты бошоткон.